АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛАУДИН ЭГИРИНЗ-ДИОПСИД КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Айдаркен шаарынан 15 км аралыкта. 1982-ж. табылган. Алаудин сайынын башатында. Мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру ж-а келки таштарында тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсид минералдарынын уя сымал топтолуштары кездешет. Алардын туура кесилиш өлчөмү 2‒12 ммден 30 ммге чейин. Эгирин-диопсид зер буюмдарды жасоого жарактуу.