АЛАНД АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
, А х в е н а н м а Балтика деӊизинде, Ботния булуӊуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Аянты 1,5 миӊ км2дей. Калкы 28,7 миӊ (2013). 6,5 миӊ граниттүү аралдардан (бийикт.132 мге чейин) ж-а шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деӊиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.