АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ‒ Кыргыз Ала-Тоосунун эӊ бийик жери. Ала-Арча менен Аламүдүн капчыгайларынын баш жагын бөлүп турган Кыргыз Ала-Тоосунун түн.-батышты көздөй кеткен тармагынан орун алган. Бийикт. 4875 м. Тик капталдуу, үстү тайпак келип, дайыма кар, мөӊгү жатат. Палеозойдун ар түрдөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет.