АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Ала-Тоосунун ортонку бөлүгүнүн түн. капталында. Уз. 50 км, деӊиз деӊг. бийикт. 1000‒4000 м. А. к. кууш, өтө тереӊ (800‒1000 м). Капчыгайдын баш жагы үч айрыкка бөлүнөт, алар кошулуп, антропоген мезгилиндеги муздук кеӊейткен жайыгыраак (1,5 кмге чейин) төргө өтөт. А. к. улам төмөндөгөн сайын куушурулуп, туурасы 25‒50 мден ашпайт. Капталдары жантык, кээде тик (30‒60°). Чуӊкурчак өрөөнүндө алкымга айланат. Капчыгайдан Аламүдүн суусу агат. Баш жагына шалбаалуу альп жана субальп, төмөнкү бөлүгүнө бадалдуу шалбаа ландшафты мүнөздүү. Капчыгайдан минералдуу суу булактары чыгат. Ал жерге эс алуучу жана дарылануучу жай курулган. Чүй өрөөнүнө чыга беришинде Аламүдүн

Файл:АЛАМүДүН КАПЧЫГАЙЫ26.png
Аламүдүн капчыгайынын баш жагы.

суу сактагычы курулган. А. к. негизинен жайыт жана туристтик жай катары пайдаланылат.