АЛАМҮДҮН АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМҮДҮН АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. Бийиктиги 4032 м. Түштүк тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийиктиги 900 м, түндүгүндөгү Аламүдүндөн ‒ 1200 м. Жанындагы чокулардын бийиктиги 4100‒4600 мге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуу-Төр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал менен белге чыгат. Ашуу-Төр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөӊгү этеги 3600 м бийиктикте) бар. Түштүк-чыгыш, түштүк бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр менен текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол Түштүк Ысык-Ата өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.