АЛАМЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМЫЧ, «а л а м о н ч о к» ‒ шырдакка, куракка, саймага жана өрмөккө түшкөн көркөм оюмдун жана көчөттүн араларын бири-биринен бөлүп, айырмалап туруучу берене-оюм. Анын кийизчиликте ‒ «бычак учу», «араа тиш», «тумарча», «мүйүз», «ит куйрук», «ача оюм», «ийрек»; саймачылыкта ‒ «суу»; куракчылыкта ‒ «көз»; өрмөкчүлүктө ‒ «чычкан изи» ж.ана башка түрлөрү кездешет. Ал ортолук оюмдагы бир нече табакчаларды курчап, ортолук жана жээк оюмунун арасына, жээк оюмунун эки жагына ак-кара, кээде сары-кара түстө түшүрүлөт. Буюмдун түрүнө жараша ызгыт менен жээктелип, кооздукту арттырат. Аламыч айрым жерлерде «ала мончок» деп да аталат.

Ө. Осмонов .