АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ (Iskandera alaica) ‒ өсүмдүктөрдүн кайчылаш гүлдүүлөр тукумунун өтө сейрек учуроочу эндем түрү. Көп жылдык. Сабагы көп, түп жагы жалбыраксыз, жыгачка айланган, бийиктиги 20(50) см. Өсүмдүктүн бүт органы боз түк менен капталган. Жалбырагы узата жумуртка сымал, сабагынын түп жагына топтолуп өсөт. Гүл жандоочтору сыя түстө. Июнь айында гүлдөйт. Топ гүлү ‒ саадак, жазы, узундугу 6 см, эни 5‒8 мм. Алай өрөөнүнүн Кашка-Суу алабындагы Кызыл-Эшменин чополуу капталдарында кездешет. Уругу менен көбөйөт. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.