АЛА КУРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА КУРТ (Vermipsilla) ‒ бүргөлөр уруусундагы мите. Анын эки түрү бар, Кыргызстанда бир түрү кеӊири таралган. Ал пайда кылган ылаӊ ала курт ылаӊы деп аталат. Аны менен бардык мал, айрыкча кой, жылкы катуу ылаӊдайт. Бир курт суткасына 100 мгдан ашык кан соруп, малда 3 айга чейин жашайт, денесин кычыштырат. Тери канталап, жүн кырчылып түшөт; малдын каны азайып, арыктайт, кээде өлүмгө учурайт. Дарылоо: 10%түү хлорофос эритмеси менен малдын денесин жууп, териге дуст себилет. Алдын алуу үчүн ал кездешкен жайытты тазалоо, короонун тегерегиндеги кыкты өрттөө, дезинфекциялоо керек.