АЛА ГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА ГҮЛ (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чала бадал. Сабагынын уз. 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү А. г. кеӊири таралган. Алтай А. г. тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.