АЛА-ТОО УЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛА_ТОО УЮ‒ сүт-эт багытындагы уй породасы. Тоо, талаа шартына көнүккөн, сүттүү, эттүү уй алуу максатында жерг. инектерди швец ж-а кострома уйларынын букалары м-н аргындаштырып, Кыргызстан м-н Казак Респ-сынын асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. Порода 1950-ж. бекитилген. Өӊү күрөӊ, денеси чымыр, башы чоӊ, кеӊ көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмчеги узун. Өркөчүнөн бийикт. 129 см, дене уз. 171см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20см. Инегинин салм. 500‒600 кг, букасыныкы 800‒900 кг. Сүтүнүн майлуулугу 3,8‒3,9 %, айрымдарыныкы 5%. Эти даамдуу. Негизинен Кыргызстан  ж-а Казак Респ-ларында асыралат. Кыргызстанда уй асылдандыруу ж-а колдон уруктандыруу станцияларында А. у-нун букалары пайдаланылат.
Ад.: Всяких Л. С., Пак Д. Н. Алатауская порода крупного рогатого скота. М., 1954; Дүйшекеев О. Ала-Тоо тукумундагы уйлар ж-а аны өркүндөтүү. Ф., 1972.
Файл:АЛА-ТОО УЮ31.png