АЛА-МЫШЫК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА-МЫШЫК ТООСУ ‒ Ички Теӊир-Тоодогу Нарын кырка тоосунун батыш бөлүгү. Нарын менен Ат-Башы өрөөндөрүнүн аралыгында. Узундугу 35 км, туурасы 6‒20 км, басымдуу бийиктиги 3000‒3300 м, эӊ бийик жери 3399 м. Негизинен девон, карбон мезгилдеринин акиташ тегинен турат. Рельефи татаал: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна белбаскак (Шаркыратма суусунун өрөөнү) аркылуу кошулат; борбордук бөлүгү бийик, капталдары тик (60°), тектирлүү, коолуу; батышы ичкерип басаӊдап (периклиналь), Жан-Булак коктусунан баштап түздүккө чыгып кетет. Тектоникалык түзүлүшү боюнча горст-антиклиналь. Түндүк беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал, түштүгүндө жарым чөлдүү кургак талаа өсүмдүктөрү, чыгышында жана бийик бөлүктөрүндө субальп тулаӊы өсөт. Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт чиймелер, акиташтуу жерлеринде үӊкүрлөр бар. Анын эӊ бийик чокусуна ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы курулган.