АЛА-КӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА-КӨЛ ‒ Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл. Каракол өрөөнүнүн оӊ капталындагы кууш коктуда жайгашкан. Узундугу 2,8 км, эӊ жазы жери 600‒700 м. Аянты 1,5 км2дей. Көл чанагы деӊиз деӊгээлинен 3532 м бийиктикте жатат. Мөӊгүдөн агып чыккан чакан өзөн көлдү толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Көл суусу бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгып, Каракол суусуна куят.