АЛА-БУКА ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:11, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛА-БУКА ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Ала-Бука кыш-нан 10 км түн.-чыгышта, деӊиз деӊг. 1180‒1200 м бийиктикте. 1987-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу топурак саргыч боз түстө, көзөнөктүү, борпоӊ. Топурак катмарынын калыӊдыгы 30 мге чейин, казып билинген калыӊдыгы 11 м. Кумайлуу топуракка 30%тен 40%ке чейин Кызыл-Ата чопо кенинин чопосун кошсо «100» маркадагы карапа кирпич алууга болот. Запасы А категориясы б-ча 349 миӊ м3, В ‒ 714 миӊ м3, С1 ‒3143 миӊ м3, А+В+С1 ‒ 4206 миӊ м3.