АЛА-АРЧА ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА-АРЧА ЧОПО КЕНИ, Т ү н д ү к К а р а - С у у у ч а с т о г у Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Төмөнкү Ала-Арча кыштагынан 1,5 км түндүк тарапта, Ала-Арча суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 688‒697 м бийиктикте. Кен 1927-жылдан белгилүү. Кен аймагын боз, күӊүрт сары түстөгү лёсс сымал кумайлуу топурак (чопо) жана анын арасындагы шагылдуу кум линзаларынан турган антропоген мезгилинин дарыя чөкмөлөрү түзөт. Чопо катмарларынын жалпы калыӊдыгы 43 м, анын чалгындалганы 4‒8 м. Аянты 52 га жерде кендин запасы В+С1 категориясы боюнча 3,8 млн м3 (1986). Калган запасы В категориясы боюнча 1180 миӊ м3, С1 ‒ 2258 миӊ м3, В+С1 ‒ 3438 миӊ м3. Карьер түрүндө казылып алынган чоподон Бишкектеги «Красный строитель» кирпич заводунда «75‒150» маркасындагы кирпич даярдалат.