АКЫР ЗАМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЫР ЗАМАН ‒ адам баласынын жана бүткүл ааламдын эӊ соӊку тагдыры тууралуу байыркы доордон бери калыптанган түшүнүк. Мындай түшүнүк байыркы еврейлердин тооратында, христиан дининин инжилинде айтылып, Куранга да киргизилген. Бул түшүнүк б-ча А. з. адилеттик менен зулумдуктун, жакшы менен жамандыктын, жарык менен караӊгылыктын көрүнбөгөн жашыруун күрөшүнөн башталып, жержүзүндөгү ыймансыздык менен зулумдук ниет күч алат. Ислам дининде А. з. тууралуу ишеним кудайдан коркуу эрежеси менен байланыштырылат. Анда Алла Таала тек кудайдан корко турган адамдарды гана сүйөрү, андай адамдар үрөйдү учурган сурак күнүндө да, кубаныч -сүйүнүч учурунда да, кайгыда да бир кудайга сыйынган, кек сактабай башкалардын күнөөсүн тез кечиришип, жакшылык жасай турган адамдарды гана жактырары айтылат.
Б. Солтонбеков.