АКЫЛБЕК манасчы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЫЛБЕК (болжол м-н 1840-ж. ченде туулган ‒ ө. ж. белгисиз.) ‒ манасчы. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалаган. Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоӊ манасчылардын кимисине жолугуп таалим алып, бирге болгонсуз?» ‒ деген суроого: «Чоӊ манасчылардан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши», ‒ деген экен.