АКЫЛ ТАРБИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЫЛ ТАРБИЯСЫтарбиянын негизги бир бөлүгү. Ал аӊ-сезимин, акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн калыптандырып, билимин, сүйлөө маданиятын өстүрүү маселелерин ичине камтыйт. Акыл тарбиясы адамдын бала чагынан башталып, өмүрүнүн акырына чейин созула берет. Акыл тарбиясын жүргүзүүдө ата-эненин, мектеп жана жогорку окуу жайлардын ролу чоӊ. Билим берүү акыл тарбиясынын негизин түзүп, эмгектик жана нравалык, эстетикалык жана дене тарбиясы менен тыгыз байланышып, адамдын бардык жактан өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Акыл тарбиясы негизинен, коомдук чөйрөдө жана үй-бүлө шартында ишке ашырылат.