АКШАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКШАК‒ тартылган дандын элегенден кийинки кесеги; дан өсүмдүктөрүнөн даярдалган азык. Акшак таруу, күрүч, жүгөрү, арпа, сулу, буудай жана буурчактан тартылат. Адегенде данды калбырлап, жууп, тазалап, кургатат. Сокуга салып, күйшөп, кабыгынан ажыратат. Тегирменге же жаргылчакка тартып, элек менен эленет. Акшактан ботко, акшак жарма ж. б. жасалат. Бүгүнкү күндө атайын технология менен акшактын көп түрлөрү даярдалууда.