АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ ‒ төлөмдөрдү накта акчасыз ишке ашыруу жана карызкордун эсебинен кредит мекемелериндеги кредит берүүчүнүн эсебине өз ара талаптарды эсепке алуу же каражат которуу жолу менен бүткөрүү. Акчасыз эсептешүү накта акча жүгүртүүнү алмаштыруу менен ага муктаждыкты азайтат, каражаттардын айлануусун тездетет, жүгүртүү чыгымын кыскартат. Бардык акчасыз эсептешүү кредиттик мекемелер аркылуу же алардын контролдугу астында жүргүзүлөт. Акчасыз эсептешүү каражаттарына жүгүртүү акча төлөм каражаттары: векселдер, чектер, которуулар ж. б. кирет. Банк эсебине каражаттарды которуу аларда сакталып турган төлөмөрдүн салымдарынын (банк депозиттеринин ) эсебинен же банк ссудасынын эсебинен жүргүзүлөт.