АКЦИЯНЫН КОНТРОЛДУК ПАКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦИЯНЫН КОНТРОЛДУК ПАКЕТИ ‒ акция ээлеринин компанияда үстөмдүк кылууну , акционердик коомдун ишмердигине толук контроль жүргүзүүнү камсыз кылуучу үлүшү. Акциянын контролдук пакети акциялардын 51%ына барабар болууга тийиш. Бирок иш жүзүндө акционердик коомдун толук ээси болуу үчүн 20‒30% жетишерлик болот.