АКЦИОНЕРДИК КООМ (АК)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦИОНЕРДИК КООМ (АК) ‒ уставдык капиталы тийиштүү акциялардын санына жараша бөлүштүрүлгөн чарбакер коом; капиталды борбордоштуруу жана ири ишкананы уюштуруу формасы. АК эки түрдө болот: жабык АК жана ачык АК. Жабык АКда акциялар ошол коомдун уюштуруучуларына гана берилет жана ачык сатыкка түшпөйт. Ачык АК акциялары эркин сатылат жана сатып алынат. АКнын жогорку башкаруу органы акционерлердин жалпы чогулушу болуп эсептелет. Директорлор кеӊеши, байкоочулар кеӊеши акционерлердин жалпы чогулушунда шайланат. Облигациялардын ээси добуш укугуна ээ болбойт. Акционерлер чогулушу, эреже катары, жылына бир жолу өтөт. АК пайдасы салык төлөөгө, ишкананы кеӊейтүүгө, резервди көбөйтүүгө, менеджерлерге, кызматкерлерге эмгек акы жана сый акы төлөөгө жана дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Дивиденддин өлчөмү ошол АКтын экономикалык ишмердигине жараша болот жана жыл сайын жогорку органы тарабынан белгиленет. АК Кыргызстанда негизинен өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында чет өлкөлүк капиталды тартуу үчүн түзүлгөн. АК өзүнүн ишмердүүлүгүн коом кайрадан түзүлө баштаганда же жоюлганда токтототот.