АКЦЕНТОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦЕНТОЛО́ГИЯ (лат. accentus ‒ басым жана ...логия) ‒ 1. Тил илиминин басымдын функциясын жана жаратылышын изилдөөчү бөлүгү. 2. Тилдин акценттик каражаттары жөнүндөгү окуу. Акцентология аларды сыпаттама, салыштырма тарыхына ылайык жана теориялык аспектиден изилдеп үйрөтөт. 3. Тилдин акценттик каражаттарынын системасы.