АКУЦИОНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:40, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Петр Антонович (24. 4. 1922, Белоруссия, Витебск обл., Шумилино шаарчасы‒ 1943, Гомель обл., Лоев шаарчасы) ‒ Сов. Союз. Баатыры (1943). 1941-ж. Белоруссиядан Кырг-нга эвакуацияланган з-д м-н кошо келген. Таш-Көмүрдөгү шахтада иштеген. 1942-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. 685-аткычтар взводунун командири (Борб. фронт, 65-армия, 193-аткычтар дивизиясы) болгон. Днепр операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Сов.
Файл:АКУЦИОНОК13.png

Союз. Баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон (өлгөндөн кийин). Лоев шаарчасындагы көчө, Шумилинодогу көчө ж-а мектеп анын ысмы м-н аталат. Ленин ордени м-н сыйланган.