АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ ‒ аракети катуу нерселерде ж-а суюктуктарда оптикалык диапазондогу электрмагниттик ж-а акустикалык толкундардын өз ара аракеттерине негизделген түзүлмө. Ал оптикалык нурлануунун мүнөздөмөлөрүн (серпимин, уюлдашуусун, жарыктык ишаратын, спектрдик курамын ж. б.) башкарууга ж-а алып жүрүүчүсү жарыктык, акустикалык толкундар болгон маалыматтарды иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет.