АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР — сырткы чөйрө менен кичинекей жылчык же түтүкчө аркылуу байланышта болгон курал. Аны биринчи жолу немец окумуштуусу Г. Гельмгольц (1860) ойлоп таап, үн талдоого колдонгон. А. р-дун негизги өзгөчөлүгү ‒ толкун узундугунун резонатордун өлчөмүнө караганда бир кыйла чоӊ төмөнкү жыштыктагы өздүк термелүүлөрдү пайда кылууга жөндөмдүүлүгү. Изилденип жаткан үндүн термелүү жыштыгы А. р-дун өздүк термелүү жыштыгына жакын же барабар болсо, анда резонатордо резонанс кубулушу пайда болот.