АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу ж-а суюк заттардагы үн толкундары м-н өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк А. о. түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү м-н ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде А. о. дефлектор ж-а сканерде колдонулат. Жарыктын үн м-н өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, о. эле жарык сигналы нын амплитудасын, поляризациясын, спектр

түзүлүшүн ж-а жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур м-н дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү м-н башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.