АКУСТИКАЛЫК ИМПЕДАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК ИМПЕДАНС (лат. Impedite ‒ тоскоолдук кылуу, каршы болуу) — үн басымынын интенсивдүүлүгүнүн чөйрөнүн (жыштыгынын белгилүү бир тилкесиндеги) толук каршылыгына болгон катышы менен аныкталуучу комплекстүү каршылык. Анын ичиндеЯ=R+iX түрүндөгү комплекстүү сан активдүү акустикалык каршылык деп аталган системанын үн чыгаруудагы сарпталган энергиясы менен байланышкан; i - комплекстик сан, ал эми Х болсо, реактивдүү акустикалык каршылык деп аталган чөйрөнүн инерциялык же серпилгич күчтөрүнүн реакциясы менен байланышкан. СИде акустикалык каршылык Па Мс/м3 менен («акустикалык Ом» деп аталат) өлчөнөт, анын ичинде түшүнүгү акустикалык системалардын термелүүлөрүн изилдөөдө киргизилген. Акустикалык ченөөлөрдө басым, интенсивдүүлүк, жыштык, таралуу ылдамдыгы, басаӊдоо коэффициенти ж. б. мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Үн таратуучу системаларда пассивдүү акустикалык каршылык акустикалык импеданска көз каранды, ал эми үн кабыл алгычтарда анын ичинде чөйрөгө туура келүү шартын аныктайт.