АКТИНОМИЦЕТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИНОМИЦЕТТЕР (Actinomycetales) ‒ бутактанган клеткаларды же гифтерди пайда кылуучу бактериялар. Гифтердин диаметри 0,5‒2 мкм. Актиномицеттердин 8 тукуму, 49 уруусу, 670ге жакын түрү бар. Акциномицеттер топуракта, абада, көлмөдө жана өсүмдүк калдыгында көп кездешет. Алар көбүнчө сапрофиттер: өсүмдүк жана жаныбар калдыктарын ажыратат. Ошондой эле киши оорусун жана мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин козгоочу түрлөрү да бар. Айрымдары топуракты аммонийлештирүү, клетчатканы ажыратуу, чириндини пайда кылуу ж. б. процесстерге катышат. Көпчүлүгү антибиотиктерди пайда кылат (стрептомицин, тетрациклин, неомицин, актиномицин, канамицин, гентамицин ж. б.). Бул антибиотик заттар киши, жаныбар жана өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө, төлдү тез жетилтүүдө колдонулат. Ошондой эле, ациномицеттер пигмент, аминкислоталарды, ферменттерди ж. б. биологиялык активдүү заттарды пайда кылгандыктан микробиологиялык өндүрүштө колдонулат.