АКТИНОМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИНОМЕТР ‒ күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн ченөөчү прибор. Иштөөсү каралжын нерсе күн радиациясын өзүнө сиӊирип алып, аны жылуулук энергиясына айландырууга негизделген. Күн радиациясынын интенсивдүүлүгү жылуулук калориясы менен ченелет. Жаратылышта чылк кара нерсе кездешпегендиктен, практикада актинометр үчүн бети карартылган платина пластинкасы же көмүр ыштары пайдаланылат. Алар күн жылуулугунун 98%ин сиӊире алат. Күн радиациясынын тикеден-тике жылуулук калориясы менен ченөөчү приборлор абс. актинометрлер деп аталат. Ал күн нурларынын энергиялык балансын жана кургакчылыкты изилдөө иштеринде пайдаланылат.