АКТИВДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИВДҮҮЛҮК ‒ 1) т е р м о д и н а м и к а л ы к активдүүлүк ‒ эритмелердеги иондун жана молекулалардын химиялык реакцияга катышкан нагыз концентрациясын туюнтуучу чоӊдук. Активдүүлүктүн (а) концентрацияга (с) болгон катышы (а:с=i) активдүүлүк коэффиценти (i) деп аталат. Ал термодинамикалык теӊ салмактуулук константан эсептөөдө колдонулат; 2) р а д и о а к т и в д ү ү б у л а к т ы н активдүүлүгү ‒ убакыт бирдигинде радиоактивдүү ажыроонун саны. СИдеги активдүүлүктүн бирдиги ‒ беккерель (Бк). 1 Бк бул 1 секдагы 1 ажыроого барабар. Мындан тышкары кюри (Ки) бирдиги бар. 1 Ки=3,7.1010 Бк. Бул 1 г радийдин ажыроо активдүүлүгү.