АКТИВДҮҮ КӨМҮР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИВДҮҮ КӨМҮР, а к т и в д е ш т и р и л г е н к ө м ү р ‒ майда көзөнөктүү жана сиӊиргич касиети бар адсорбент. Таш көмүр же жыгач көмүрүнө суунун өтө ысытылган буусун же көмүр кычкыл газын жогорку темп-рада таасир этүүдөн алынат. Ошондо көмүрдүн ичиндеги чайыр сымал заттар жоголуп, майда көзөнөкчөлөр пайда болот. Ал көзөнөкчөлөрдүн эсебинен көмүрдүн үстүӊкү бети чоӊоюп, заттарды көп сиӊирет. А. к. тез учуучу суюктуктардын буусун абадан жана газ аралашмасынан сордурууда, өндүрүштө баалуу орг. эриткичтердин буусун сиӊирүү жолу менен жыйнап, кайра өндүрүшкө жумшоодо, противогаз жасоодо, эритмелерден орг. заттарды бөлүүдө, медицинада ж. б-да пайдаланылат.