АКСУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСУМ – Эфиопиянын түндүгүндөгү шаар. Адуа шаарынын батышында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 39,4 миң (2004). Аэропорту, госпиталы бар. Туризм өнүккөн. Болжолдуу б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченинде Түштүк Арабстандан көчүп келгендер негиздешкен. Кийинчерээк Аксум хандыгынын борбору болгон. Үч некрополдун калдыктары (2–4-кылым), ак сарай курулуштарынын пайдубалы (4–7-кылым), үч нефтүү Мапия Сион собору (17-кылым), ага жакын жерде байыркы чиркөө, байыркы Эфиопия, грек жана сабей тилдеринде жазылган гранит эстеликтер (эң бийиги 34 м) табылган. Ал эстеликтердин бирөө Римге көчүрүлүп келинип, Пьяцца ди Канона портуна орнотулган. Аксум шаары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.