АКСАКАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСАКАЛ ‒ 1) салттуу кыргыз коомундагы уруунун же уруктун башкаруучусу; 2) эл арасындагы кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. А. көптү көргөн, көптү билген, иш менен сөзгө канык болгон жана айылдын ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Эл бийлөөдө мамилелер өнүккөн учурда А. башкаруу укугунан четтетилип, айылдын кеӊешчиси, калыс киши катары гана болуп калган. Кийинчерээк жалаӊ эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да жашына карабастан А. аталып кеткен.