АКСАКАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ 1) салттуу кыргыз коомундагы уруунун же уруктун башкаруучусу; 2) эл арасындагы кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. А. көптү көргөн, көптү билген, иш м-н сөзгө канык болгон ж-а айылдын ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Эл бийлөөдө мамилелер өнүккөн учурда А. башкаруу укугунан четтетилип, айылдын кеӊешчиси, калыс киши катары гана болуп калган. Кийинчерээк жалаӊ эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да жашына карабастан А. аталып кеткен.