АКРО ЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРО ЫР (гр. akros ‒ четки жана ыр) ‒ ыр сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн карай окуганда, көбүнчө ырдын кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, же кандайдыр бир сөз келип чыгуучу тартипте түзүлгөн ыр. Дүйнөлүк адабият тарыхында Акро ыр байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулат. Ал кыргыз поэзиясында да кездешет. А. Токомбаевдин «Жашасын жаз», Ж. Мамытовдун «Акро ыр» деген ырлары мисал.