АКРО ЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРО ЫР (гр. akros ‒ четки ж-а ыр) ‒ ыр сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн карай окуганда, көбүнчө ырдын кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, же кандайдыр бир сөз келип чыгуучу тартипте түзүлгөн ыр. Дүйнөлүк адабият тарыхында Акро ыр байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулат. Ал кыргыз поэзиясында да кездешет. А. Токомбаевдин «Жашасын жаз», Ж. Мамытовдун «Акро ыр» деген ырлары мисал.