АКРИДИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРИДИН, C13H9N – ачык сары кристалл, дүү­лүктүргүч жыттуу, ароматтык касиетке ээ органикалык бирикме. Молекулалык массасы 179,22, б. эрүү 1111°С, кайноо t 346°С. Жеңил бууланат (сублимацияланат). Көпчүлүк органикалык эриткичтерде жакшы, сууда на­чар эрийт. Акридин начар негиз болгондуктан күч­түү минералдык кислоталар менен туз пайда кылат. Орун алмашуу реакциясына кыйындык менен кирет. Акридин таш көмүр чайырында кезигет, дифе­ниламинди кумурска же козу кулак кислоталары менен конденсациялоодон, акридонду калыбына келтирүүдөн алынат. Ал металлды дат басуу­дан сактоодо, баалуу боек, дары‑дармек алууда колдонулат.