АКРИДИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРИДИН, C13H9N – ачык сары кристалл, дүү­лүктүргүч жыттуу, ароматтык касиетке ээ орг. бирикме. Мол. м. 179,22, б. эрүү 1111°С, кайноо t 346°С. Жеңил бууланат (сублимацияланат). Көпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы, сууда на­чар эрийт. А. начар негиз болгондуктан күч­түү минералдык к‑талар менен туз пайда кылат. Орун алмашуу реакциясына кыйындык менен кирет. А. таш көмүр чайырында кезигет, дифе­ниламинди кумурска же козу кулак к‑талары менен конденсациялоодон, акридонду калыбына келтирүүдөн алынат. Ал металлды дат басуу­дан сактоодо, баалуу боек, дары‑дармек алууда колдонулат.