АКРАМОВ Эрнест Хашимович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРАМОВ Эрнест Хашимович (23.06.1936.Фрун­зе шаары – 26.11. 2024. Бишкек шаары) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1990), профессор (1998). Кыргыз Республикасынын Баатыры (2009). КММИни бүтүргөн (1960). Фрунзе шаардык №2‑клиникалык ооруканада ордина­тор, РКОдо хирург, бөлүм башчы, доцент болуп иштеген. 1992‑жылдан өмүрүнүн аягына чеийн Чүй облустук ооруканада хи­рургия бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы, СССРдин Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Акрамовдун аты Чүй облустук ооруканага ыйгарылган.
Эмг.: Сорбционно‑лимфатический дренаж гнойносеп­тической хирургии (в соавторстве). Новосибирск, 1999.