АКМОЛО ГУБЕРНИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКМОЛО ГУБЕРНИЯСЫ – РСФСРдин административдик-аймактык бирдиги болгон. Батыш Сибирдин түштүк-батышында орун алган. Кыргыз (1925-жылдан Казак) АССРинин курамына карап, 1921-жылы 25-апрелде түзүлгөн. Омск губерниясынын бир бөлүгү. Борбору – Петропавловск шаары. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Кызыл, Черлак.