АКМАТБАЕВ УЛАНБЕК Таберикович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКМАТБАЕВ Уланбек Таберикович (19. 02. 1973, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – юрист, саясат таануу илимдеринин доктору (2013). 1995‑жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 1995–2003‑жылдары Германия Федеративдүү Республикасында Кыргыз Республикасынын элчилигинде атташе, «Реемтсма‑Кыргызстан» ачык акционердик коомдо корпоративдик маселелер боюнча директордун ассистенти, юрист, юридикалык бөлүмдүн менеджери, корпоративдик жана юридикалык бөлүмдөрдүн менеджери, генералдык директор, «Империал Табакко Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунда генералдык директор, 2003‑жылдан КР Соода өнөр жай палатасында Эл аралык арбитраждык сотунун арбитри, 2010-жылдан КР Сууда сүзүү федерациясынын Президенти, мектеп долбоорлорун илгерилетүү жана немец тилин өнүктүрүү боюнча кыргыз‑герман коомунун башкармалыгынын төрагасы, Mortimer Blake эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү. 2017-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү. 2024-жылдан «Аурия» жабык акционердик коомунун директору.