АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович (15. 1. 1956‑ж. т., Нарын ш.) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессору (1991). КРдин или­мине эмгек сиңирген ишмер (1999), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), КРдин илим жана техника б‑ча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2000, 2004).

Файл:АКМАТАЛИЕВ 147.png

1977‑ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1977–78‑ж. Ош педагогикалык институтунда, 1978–79‑ж. КМУ­да окутуучу, 1979‑жылдан КР УИАнын Тил жана адабият институтунда кенже, 1983‑жылдан улук, жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, 1992­–94‑ж. Адабият жана ис­кусство институтунун, 1995­жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улут­тук борборунун директору. А. Акматалиевдин эмгектери манас таа­нууга, кыргыз фольклорис­тикасына, айрыкча Ч. Айт­матовдун чыгармачылыгына ар­налган. Анын эмгектери адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А. Акматалиевдин жетектөөсү менен кыргыздын бай фольк­лордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» се­риясынын 30 томдугу жана «Манас» эпосунун академиялык басылышынын (С. Орозбаков жана С. Ка­ралаевдин варианттары б‑ча) 9 томдугу бирин­чи жолу жарык көрдү. А. Акматалиев түзгөн «Улуу инсан­дар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кай­гы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстан­бек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгар­малары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырууга катышкан. А. Акматалиевдин жетекчилиги менен даярдалган «Кыргыз адаби­ятынын тарыхы» (7 томдук) КРдин К. Тыныс­танов атындагы мамлекеттик сыйлыгына (2004) татыган.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий бай­ланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чың­гыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002. А Кадырмамбетова.