АККУМУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геол. процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин ж‑а ми­нералдык заттардын, орг. калдыктардын жер­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин диагенездин натыйжасын­да катуу чөкмөтектер пайда болот. А‑нын жа­нартоо ж‑а чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык А., кургактагысын субаэрал­дык А. деп аташат. А‑нын топтолуу орундары м‑н пайда болуу себептерине байланыштуу де­ңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген А‑сы болуп бир нечеге бөлүнөт. А‑нын натыйжасын­да аккумуляциялык рельеф пайда болот.