АККОМПАНЕМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККОМПАНЕМЕНТ (фр. accompagnement – кош­тоо) – музыкалык коштоо. Аккомпанементтин эки түрү бар: солист­ти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ан­самбль, хор) музыкалык жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз ж. б.) же бир нече аспап (ан­самбль, оркестр) менен коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. Аккомпанемент ырчыга, аспапчыга гармоника­лык жана ритмикалык жөлөк болуп, чыгарма­нын мазмунун, көркөмдүгүн тереңдетет.