АККОМПАНЕМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККОМПАНЕМЕНТ (фр. accompagnement – кош­тоо) – муз. коштоо. А‑тин эки түрү бар: солист­ти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ан­самбль, хор) муз. жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз ж. б.) же бир нече аспап (ан­самбль, оркестр) менен коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. А. ырчыга, аспапчыга гармоника­лык жана ритмикалык жөлөк болуп, чыгарма­нын мазмунун, көркөмдүгүн терендетет.