АККОЗИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:58, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККОЗИЕВ Имиль Акунович (1945‑жылы туулган, Чүй облусу, Кант шаары) – электроника жаатында адис, техника илимдеринин доктору (1999), профессор (1993), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиң.ирген кызматкер. ФПИни (1968), Москвадан МТЖОЖдун аспирантурасын бүтүргөн (1977). Окутуучу, ка­федра башчысы, ФПИ, КМКТАУ, КРСУнун про­ректору, КРдин премьер‑министрлиги аппара­тында социалдык‑маданий жактан өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, КРдин Прези­дентинин кеңешчиси (2001‑2005). 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн. Алар оптикалык эске тутуучу түзүлүштөрдү иштеп чыгууга арналган. Даңк медалы менен сый­ланган (1999).
Эмг.: Оптические накопители цифровой информации (в соавторстве). Б., 1993; Акустооптика и голография: совместное применение для хранения и обработки информации. Б., 2001.