АККАД ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККАД ТИЛИ (вавилон‑ассирия, ассирия‑вави­лон тили) – семит тилдеринин бири. Месопо­тамиянын жана Ассирия (азыркы Ирак) элдери­нин байыркы тили. Диахрондук жана аймактык жактан бир топ диалектилерге бөлүнөт. Эки адабий формага ээ: эски вавилон (б. з. ч. 2‑миң жылдыктын ортосунан бери) жана жаңы вави­лон (б. з. ч. 2‑миң жылдыктын ортосуна чей­ин). Жазмасы – муундук клинопись. Эң байыр­кы жазма эстеликтери б. з. ч. 25‑кылымга, кийин­килери б. з. ч. 1‑кылымга таандык.