АКИШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКИШЕВ Кемал (каз. Ақышев Кемел) [23. 05. 1924, СССР, РСФСР, Казак АССРи, Павлодар уезди, Баянаул айылы – 10. 08. 2003, Казакстан Республикасы, Алматы шаары] – археолог, казак археология илимин негиздегендердин би­ри. Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын (1982), Казак Республиканын Илимдер академиясынын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгынын (1966) лау­реаты, Германия Археология институтунун корреспондент мүчөсү, Казакстандын илимге эмгек сиңирген кызматкери (1989), 1950‑жылы Казак мамлекеттик университетин бүтүр­гөн соң, Казакстан ИАда аспирант, кенже жана улук илимий кызматкер, профессору. 1955–1990‑жылдары Ч. Валиханов атындагы тарых, археология жана этно­графия институтунда археология бөлүмүнүн башчы­сы болуп иштеген. 1991‑жылдан А. Маргулан атындагы археология институтунун бөлүм башчысы, институ­ттун улук илимий кызматкери. 1954‑жылдан Казак­стан аймагындагы археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси. Байыркы жана орто кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Эшик (орусча Иссык, казакча Есик) коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5–4‑к.), Беш ча­тыр (б. з. ч. 6–5‑к.), Отрар ж. б. археологиялык та­былгаларды ачкан жана изилдеген. 220га жа­кын илимий эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын ав­тору. «Древняя культура саков и усуней доли­ны реки Или» (1963), «Древняя культура Централь­ного Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970), «Курган Иссык. Искусство саков Казахстана» (1978) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорунда­гы маданияттардын маанилүү жана негиздүү маселе­лерин изилдеген. «Парасат» ордени менен сыйлан­ган.(1998)