АКВАМАРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:40, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВАМАРИН (лат. aqua marina – деңиз суусу) ­минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүш­ жашыл ж. б. түстөгү тунук кристаллдар тү­рүндөгү кымбат баалуу асыл таш. Өңү Fe2+ Fe3+ кошундуларына байланыштуу. Аквамарин узун призма­лык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө жана массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу Аквамарин пегматит жана грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү аквамаринден саргыч жашыл берилл кристаллын алуу­га болот жана зергерлик буюмдарды боёодо, жа­соодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мада­гаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кыргызстанда Талас кырка тоосун­да (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.