АКВАМАРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. aqua marina – деңиз суусу) ­минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүш­жашыл ж. б. түстөгү тунук кристаллдар тү­рүндөгү кымбат баалуу асылташ. Өңү Fe2+ Fe3+

кошундууларына байланыштуу. А. узун призма­лык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө ж‑а массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу А. пегматит ж‑а грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү А‑ден саргыч жашыл берилл кристаллын алуу­га болот ж‑а зергерлик буюмдарды боёодо, жа­соодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мада­гаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кырг‑нда Талас кыркатоосун­да (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.